Таластагы №39 жатак-колонияда жаңжал чыкты. Жыйынтыгында, кызматын абийирдүү аткарбаганы үчүн анын жетекчиси Таалай Момбеков кызматынан алынды. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, колонияда кызматтык иликтөө жүргөн. Текшерүүгө ЖАМКнын төрага орун басары Аскат Эгембердиев катышкан.
Буга дейре кыйноого каршы Улуттук борбору соттолуучулардын бири адамдык ар-намысты тебелөөчү татаал шартта кармалаарын билдирген. Соттолуучу мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, жатак-колонияга которулган. Бара турган жери болбогондуктан өндүрүш аймагында түнөп жашап жүргөн.
Ал жашаган баракта эч кандай шарт болгон эмес. Жуунганга, тамак жасаганга мүмкүн эмес. Эч убакта эт көрбөгөн. Ал жаткан имараттын төбөсүнөн суу агып, жылытуучу печка сайылбаган. Ал тамактаныш үчүн өзөндөн балык кармап, жергиликтүү тургундарга саткан. Андан тышкары жергиликтүү элге чабан болуп жан баккан.