Саясатчы Өмүрбек Бабанов Бишкекке качан келээрин жарыялады. Ал соцтармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

 

 

"Урматтуу Кыргызстандыктарым, 


Күндү кечиктирбей, мен үчүн эң сүйүнүчтүү болгон кабарды сиздер менен бөлүшөйүн дедим. Бишкекке учканга билет сатып алдым. Кудай буйруса ушул ишембиде, 13 апрелде, саат 14:50дө Кыргызстаныма учуп келем. Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам".