Жакында атамекендик айрым маалымат агенттиктери Foreign Policy басылмасына шилтеме  берүү  менен макала жарыялашты. Америкалык басылманын макаласында Синьцзяндагы этникалык кыргыздардын табышмактуу жоголуусу баяндалган. Дайынсыз кеткендер  чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана студенттер экендиги айтылган.

 

Foreign Policy басылмасынын маалыматына караганда, СУАРда отуздан ашуун этникалык кыргыздар  жоголгон, алардын арасында Бишкектеги жогорку окуу жайларында окуп жүрүп, кайра Кытайга кеткен студенттер да бар.

 

Дайынсыз жоголгондордун бири белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын небереси. Басылманын жоромолу  боюнча, Кытай бийлиги жигитти кайра тарбиялоочу деп аталган лагерлерге жибериши мүмкүн. Андан сырткары макалада музыкант жана жазуучу-адабиятчы жубайлар да Кыргызстандан Синьцзянга кеткен бойдон “байланышка чыгышпай кабарсыз болуп жатканы” белгиленген.

 

Аны менен катар журналист имиштерге караганда улуу манасчынын небересинин Синьцзяндагы тагдыры андай деле катаал эмес деп жазган.

 

“Кытайдагы кыргыздарды колдоо Комитетинин бир катар мүчөлөрүнүн айтымында, жаш манасчы лагерге түшкөн жок, үйлөнүп, чоң турмушка аттанды. Бирок, сүрөт далилдердин, аны менен реалдуу байланыштын жоктугунан улам мындай сөзгө ишенүү кыйын”, - дейт америкалык басылманын макаласынын  кыргызстандык маалымат каражаттарындагы көчүрмөсүндө.

 

Ооба, бул жазылгандардын чындыгы белгисиз,  бирок ошол эле убакта баарын калпка чыгарганга да далил жок. Макаладагы бардык жоромолдор бир гана ушак-айың, имиш кептерге негизделген.

 

Студенттерге басым жасаган  америкалык басылма алардын Кыргызстандагы мугалимдери жана декандары менен сүйлөшкөнүн жазган. Алардын бири “өкүнүчүн жана нааразычылыгын” айтса, калгандарынын жообу сындоо иретинде болгонун белгилешкен. Негизинен, жоголгон студенттердин айрымдары окуган “Манас” университетинин проректорунун сөзү келтирилген.

 

“Бул Кытайдын ички иши”, - автор проректордун сөзүн ушундайча берген. Ал ушундай эле реакция кыргызстандык бийлик жактан да болгонуна даттанган.

 

Калыс карай келгенде,  кыргызстандык жождун проректору андан башка кантип жооп бериши керек эле? Чындыгында бул Кытайдын ички иши эмеспи, ал эми жоголду делген студенттер да Кытайдын жарандары. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы ушундай пикир билдирип, мындай маселелер дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин кошумчалаган.

 

Иликтөөдө Синьцзян калкы  ар кандай техникалык каражаттардын жардамы менен тыкыр көзөмөлгө алынганы айтылат. Бүгүнкү күндө Кытай толугу менен “баарын көрүп турган көздүн” алдында жашап жатышат. Ошонун катарында этникалык калк да мамлекеттик кызматтардын көзөмөлүнө кептелишет.

 

Буга дейре Пекин лагерлерге экстремисттик идеологиянын таасирине чулганып калган адамдар гана туш келээрин расмий жарыялаган. Мындай учурда кайсы мамлекет болбосун улуттук коопсуздугун бекемдөө үчүн алдын ала чара көрөт.

 

Ушул жылдын башталышында биздин дипломаттар эларалык делегациянын курамында бул лагерлерди кыдырып чыгышкан, аларды Кытай бийлиги чакырган. А февралда КР ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбеков СУАР өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң биздин дипломатиялык мекеме кытай лагерлериндеги этникалык кыргыздар тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирген.

 

Албетте, бизге ал өлкөнүн ичинде эмнелер  болуп жатканы толук маалым  эмес. Бирок, кытай бийлиги бир чоң делегацияны жана министрди алдамак беле? Эгер жашыруун сыр сыртка чыгып калуу коркунучу болсо, СУАР жетекчилиги Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнө экскурсия уюштурат беле? Анын үстүнө “дайынсыз жоголгондордун” катарында бир гана Синьцзян эмес, бүтүндөй кыргызга таанымал адамдар бар болуп жатса. Демек, кызыккан тараптардын өкүлдөрүн чакыруу менен кытайлыктар өздөрүнүн андай ишке катыштыгы жоктугуна ишенишкен да.

 

Эч кимди жактабай жана айыптабай, жарандарды имиш кептерге толгон,  божомол  жыйынтык чыгарылган макалалардан алыс кармагың келет. Анткени, эки коңшу элдин мамилеси коркунучка кептелиши ыктымал. А мамилени түзүү абдан татаал, ал эми  бузуу абдан оңой эмеспи.