Баткен облусунда прививка алышкан жети окуучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ЖК депутаты Карамат Орозова билдирди.
Айтымында, кээ бир балдар оор акыбалда. Элди тынчдандыруу үчүн маалымат берүү керек. Мындай окуялардан кийин адамдар балдарын эмдетүүдөн баш тартышы ыктымал.
Ооруканага жеткирилген балдар өздөрүн алсыз сезишип, баштары айланганын айтышкан. Баткенге учурда окуянын себебин иликтөөгө Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы жөнөп кетти.
Ал эми Баткен облустук ооруканасынын директорунун айтымында, алты бала ооруканадан чыгарылды. Бир гана кыз калды, анын да акыбалы турукташты.