Бүгүн болжол менен 01:45те Ленин РИИБине №2 төрөткананын эшигине эсинен танган абалдагы эки кишини белгисиз бирөөлөр таштап кеткени тууралуу кабар келген. Айтылган жерге тергөө-ыкчам тобу барган.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, эки кишини белгисиз бирөөлөр төрөт үйүнүн короосуна таштап кетишкен. Экөө тең катуу сабалгандыктан оор абалда болгон. Анын биринин жанынан айдоочулук күбөлүк табылып, 1974-жылы туулган А.И. аттуу жаран экени аныкталган. Ал эсине келбей жатып жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Экинчиси 1983-жылы туулган У.А. аттуу жаран оор акыбалда. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Учурда ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары башталды. Соттук-криминалисттик экспертизалар башталды. Айрым маалыматтарга караганда, жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушкан.