Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасындагы кырдаал турукташты. Мындай кырдаалдын кайра кайталанбашы үчүн КР Мамлекеттик чегара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

 Кыргыз тарап чегара аймагындагы айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатат. Ошондой эле Тажикстан менен чегарадагы кырдаалды көзөмөлгө алууда.