2018-жылы Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 222 кылмыш иши козголуп, 286 млн 459 миң 709 сомдун орду толтурулган. Ошондой эле, бирдиктүү депозиттик эсепке 194 млн 905 миң 520 сом которулду. Бул тууралуу вице-премьер- министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Баяндамачынын айтымында, Экономикалык клымыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 65 кылмыш иши же козголсо, анын 17,2 пайызы териштирилип, сотко өткөрүлгөнү, кызматтык укук бузуулар боюнча 290 кылмыш иши козголгону, анын ичинде пара алуу фактысы боюнча 21 кылмыш иши катталганы белгилүү болду. Андан тышкары, укук бузуулардын 1568 фактысы аныкталган.
Депутат Искендер Матраимов аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө сын айтты. “Көп жылдардан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар долбоору” жүзөгө ашты, сот тутумунда реформалар жасалды. Булар боюнча эч кандай маалымат берилген жок. Андыктан, Жогорку Кеңештин жыйынына жакшылап даярданып келгиле”, - деди ал.
Мындай пикирди колдогон тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенко Өкмөт менен комитет биргеликте бир топ иштерди жасаганын белгилеп, бирок бүгүн берилген маалыматта алардын бири дагы айтылбаганын эскертти. Ал аткаруу бийлигинин ишин канааттандырарлы эмес деп баалады. Бирок, көпчүлүк депуттардын колдоосу менен Өкмөттүн иши канаттандыралык деп табылды.