Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратура тастыктады.
Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын адвокаты Такен Молдокуловдун айтымында, Иманбаева ушул жылдын февраль айында Биринчи май РИИБине башкы дарыгер Сагинбаевага чара көрүү суранычы менен кайрылган.
Маалыматта айтылгандай, башкы дарыгер 2018-жылы кызмат абалынан пайдаланып Иманбаеваны иштен алган, бирок Иманбаева сотко берип, сот кызматына кайра орноштуруу чечимин чыгарган. Иштеп баштаганда ага сөгүш жарыяланган. Сөгүш берүүгө негиз болбогондуктан Иманбаева кайра РИИБге кайрылган. Мындан улам март айында башкы дарыгерге кылмыш иши козголду.