Фарид Ниязов боюнча КСДП анын жаңы саясий кеңешке өз каалоосу менен кирбей койгонун жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, мындай чечим жолду жаңы, жаш муунга берүү үчүн чыгарылган.
“Биз Фариф Абилезимовичтен саясий кеңештин курамында калуусун абдан сурандык. Ал партиялык курулушка чоң салым кошту жана кошуп келатат. Эми ал Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана “Апрель” Коомдук Фондунун аткаруу директору бойдон калат”, - дейт Жолдубаева.
Ал эми Икрамжан Илмиянов боюнча 2017-жылы эле, президенттик шайлоодон кийин партиялык иштерден четтей турганын айтканын билдирген. 2018-жылдын башында өз чечимин чыгарган.
Бирок, аталган экөө тең КСДПнын мурдагыдай эле мүчөлөрү бойдон калышты.