Демилгечилер мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлерине үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салууну каалашат.

 

 Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлерине – КР президенти, ЖК депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана диний ишмерлер – үгүт иштерин жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарды жайылтууга укугу жок.

 

 Депутаттар ошондой эле талапкерлерге шайлоо алдындагы кампанияны каттоонун күнү аяктагандан баштап эмес, алар көрсөтүлгөндөн баштап жүргүзүүгө уруксат берүүнү да сунушташууда. Депутаттардын айтымында, мындай кылуу шайлоочулар талапкерлердин программасын терең изилдеп, ниеттерин баамдай билүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, мыйзам долбоорунда үгүт иштеринин негизги куралы теледебаттар болууга тийиш деп да жазылган.

 

Бирок, айрым саясий серепчилер бул мыйзам долбоорунун кабыл алышына ишенишпейт. Алардын айтымында, мыйзам долбоору жакшы болгону менен мамлекеттик кызматкерлери саясатчылар көп учурда үгүт иштеринин рычагы катары колдонушат, айрыкча билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин. Ар бир мекеме кайсы бир талапкерге добуш беришет. Ошондуктан, бул мыйзамды кабыл алуу бийликтин добуш алуу рычагынан кол жууду деген сөз. А бийлик мындай кылууга жол бербейт дейт эксперттер.