Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары жергиликтүү бийликтин ишине нааразы болушуп, Бишкекке жөө жетүүнү чечишти.
Алар айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаровдун жерди аукцион аркылуу берээрин айтышып, бардык мүмкүн болгон инстанцияларга кайрылышкан. Бирок, айыл өкмөт башчысы сотко аялдардын үстүнөн доо арыз менен кайрыла салып, эми 1 миллион сом моралдык зыян талап кылууда.
Нааразы болгон тургундардын маселеси бир жарым жылдан бери чечилбей келатат. Ошондуктан, алар Бишкекке жөө жетүүнү чечишкен. Ошону менен катар аларга укук коргоо кызматтары тарабынан басым жасалбаганын айтышат.
Маселелери чечилбегенден Россиянын президенти Путинге да кат жолдоп жиберишкен. Алар орус президентинен чечилбей жаткан маселелерин кыргыз өкмөтүнө жеткирип коюусун өтүнүшкөн. Нааразы тургундардын айтымында, кат Москвага жетип калды.