Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен бир жарым жыл убакыттан бери биринчи жолу маалымат каражаттарына маек берди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

 

Айтымында, НТС телеканалынын журналисттери менен маектешкен.

 

“1,5 жылда биринчи жолу интервью бердим... бир аз алыстай түшүптүрмүн. Бүгүн 19:40та НТС телеканалынан көрүңүздөр”, - деп жазды Бабанов.

 

Эске салсак, жакындан бери президенттик шайлоодо учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп, шайлоочулардын добушун алуу боюнча экинчи орунга жеткен Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келээри айтыла баштаган.

 

Ага улуттук, расалык жана диний кагылышууну жаратуу боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон.