КСДПнын мүчөлөрүнүн милицияга жазган арызы боюнча сотко чейинки текшерүү башталаарын ИИМден билдиришти.
Белгилей кетсек, арыз партиянын экс-президент Атамбаевди колдогон мүчөлөрү тарабынан жазылган.
Маалыматка караганда, кылмыш иши азырынча козголо элек. Бирок, Сузак ИИБине келген арыз кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Ал эми партиядагылар аларга укук коргоо кызматынан эч ким көрсөтмө алуу үчүн кайрылбаганын айтышууда.
Эске салсак, 31-мартта укук коргоо кызматына аталган партиянын мүчөлөрү кайрылышкан. Алар Жалал-Абад шаарында “кеткиле” деп кубалап, коркутуп-үркүткөн, ал турмак “түндүктөргө түштүктө орун жок” деп айткан провокаторлорго чара көрүүнү суранышкан. Партиядагылар уруш чыгарууга аракеттенгендерди видеого тартып алышканын белгилешкен.