Сокулук районундагы Белек айылынын жолунда каргашалуу окуя орун алды. Чүй ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, киши өзүнүн автоунаасынын ичинде отуруп атынып алган. Азырынча окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Окуя боюнча жерге ыкчам топ барды. Маркумдун өздүгү аныкталууда.