УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот отуруму Бишкек шаардык сотунда каралды. Сотто  күбө катары ЖАМКнын медсанчастынын жетекчиси суралды.   Ал соттолуучуга өлүмгө жеткирчү диагноз коюлганын тастыктаган.

 

Күбө соттолуучу чынында оор дартка кабылганын жана ага медициналык көзөмөл керектигин билдирди.

 

Айтымында, Суталинов дарыланып жатат. ал 2018-жылдан бери медициналык бөлүмдө жатат. Ага оң бөйрөктүн 4-стадиясындагы рагы деген диагноз коюлган. Медицина мындай учурда дартты айыктыра албайт, бирок анын күчөп кетишин токтотот.

 

Башка да күбөлөр соттолуучунун оор дартка кабылганын айтышты. Дагы бир күбө Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги комиссиянын төрагасы сотко келбеди. Ошондуктан, сот 15-апрелге жылдырылды.