КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга “Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын белгиледи. Бул тууралуу минисрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Эске салсак, Бишкектин четинде жайгашкан “Келечек” конушунда Рустам үй-бүлөсү менен батирде жашаган үйү 2019-жылдын 11-февралында өрттөнүп, анын кеспетинен 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч баласы иске ууланган.

 

“Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында тиешелүү дарылануудан өттүк. Азыр ден-соолуктары жакшы. Врачтар бир жылга чейин балдарга дайыма сүт азыктарын берүүнү сунушташкан”, - дейт балдардын атасы Рустам.

 

Үй-бүлө жакында төртүнчү ирет балалуу болушту. Кызы төрөлгөндө “балага сүйүнчү” 4 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акча каражатын тез убакытта алганын белгилешти.

 

“Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фондунун координатору Реджеп Юрумес Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кайрылуусу менен аталган үй-бүлөгө 8 ай убакыт аралыгында 25 миң сом ай сайын акчалай колдоо көрсөтүлө турганын айтты. Аталган каражаттар балдардын тамак-ашына жана батирдин ижарасын төлөөгө жумшалат.