Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.

 

Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет», деп жазылат фатвада.

 

Аалымдар кеңеши №8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».