“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында, Марс Сариевге суроо узаттык.
- “Кыргызстан” фракциясы жана парламенттеги тийиштүү комитеттер 11 айдан бери ишке келбеген Насыр Мусаевдин маселесин карабай, таптакыр иштөө мүмкүнчүлүгү жок экенин эске албай, мандатынан ажыратпай отурганына таңгалып жатам. Анткени, 11 айдан бери ишке келгенге мүмкүнчүлүгү жок адам автоматтуу түрдө депутаттыктан кетиши керек болчу. Алардын мындай маселени көз жаздымда калтырып, мыйзамды тебелеп жаткандары жалпы парламенттин аброюна шек келтирет. Бүгүн ишке келбеген депутаттын маселесин карашпаса, эртең кеч болуп калат. Анткени, “иштей албаган депутатты не кармап отурасыңар, бизге маселе чечкен, элдин ишенимин аткарган депутат керек”- деген маселе эртең эле шайлоочулар тарабынан көтөрүлүшү мүмкүн. Керек болсо ал депутаттын бир да күн иштебей туруп айлык алганын да изилдеш керек. Бул маселеге партия, фракция тийиштүү чечим чыгарбаса, “Кыргызстан” партиясынын кадырына доо кетет. Мындай нерселер 2020-жылкы шайлоодо сөзсүз партияга терс таасирин тийгизет. Коомдук пикир жаралып, партия элдин ишениминен таптакыр чыгып кала электе тезинен тийиштүү чараларды көрүп, мыйзамдын алкагында иш кылышы керек. Болбосо, келерки шайлоодо силер депутаттардын иштөө жөндөмдүүлүгүнө эмес, капчыгына карайсыңар, иштей албай турган адамга деле мандатты кор кылып бере бересиңер, элдин ишенип берген добушуна кайдыгер мамиле жасайсыңар деген дооматтар “Кыргызстан” партиясына чоң сокку болот. Анткени, 2010-жылкы шайлоодо олигархтарга басым коюлбайт. Бул шайлоо таптакыр башка критерий менен өтөт. Эл депутаттарды акчасына эмес, акылына, жөндөмүнө карап шайлайт.
Булак: “Майдан. kg” гезити