“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында, Элмира Жумалиевага суроо узаттык.
- Бул түшүнүктүү иш болуп жатпайбы. Партия ичинде саясий оюн болуп, соодалашуу жүрүп жаткандай. Ошон үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо да, Насыр Мусаевди мандатынан ажыратпай жатышат. Болбосо, мыйзам боюнча бир ай жумушка келбесе эле анын мандатынан ажыратып коюшмак. “Кыргызстан” фракциясына иштей турган таза адамдардын кереги жок экен. Көбүнө шайлоодо иштетип алып, мандат бербей коюшту. Өкүнүчтүүсү, алар мындай аракеттери менен партиянын келечегине балта чаап жатышат. Келерки шайлоодо “Кыргызстан” фракциясында орун алган жагдайлар алардын ийгиликке жетишине терс таасирин тийгизет. Анткени, эл карап, баалап отурат. Чынын айтыш керек, дүйнө жүзүндө “Кыргызстан” партиясында орун алган, элди иренжиткен жагдайлар жок. Мандатты алган добуштар менен иликтейбиз деп коюшат. Чынында башкалар алганчалык добушту лидерлер алганын Кудай билет. Акча менен эле маселе чечилет деген жаңылыштык.
Булак: “Майдан. kg” гезити