Өнөр жай багытындагы жумуш орундарын түзүүчүлөргө пайызы аз, кала берсе үстөгү жок насыя берип, салыктан 4 – 5 жылга бошотуп, ишти илгерилетүүчү шарттар түзүлсө, экономиканын өсүшүнө гана жол ачылат.

 

Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев "Парламент" радиосуна билдирди. 

 

“Өндүрүш ачууга бел байлаган ишкерлердин “жеңилин жерден, оорун колдон алып”, аларга инфраструктуралык жактан колдоо көрсөтүп, электр энергиясын тартып барып, суусун чыгарып, жолун салып берүүгө жардам берүү - мамлекеттин милдети”, - деди депутат. 

 

Депутат ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кол өнөрчүлөрдүн көркөм буюмдарын көп сатып аларын, ал гана эмес гардероб жаңыртууда ишке кийчүү көйнөктөрүн жергиликтүү тикмечилерге буюртма берип даярдатарын билдирди. 

 

"Учурда бир гана жеңил өнөр жайындагы кийим тиге турган цехтерде  300 миң жумуш орду түзүлгөн. Бул авангарддык тармак, - деди эл өкүлү.