Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Жакында ушундай эле талап менен Кочкордун тургундары да чыгышат.
Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
Айтымында, комиссия кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыпкандыктан, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок деген тыянак чыгарган. Бирок, эл өкүлү мындай тыянакка ишенбейт.
"Кантип эле казылып жаткан уран зыянсыз болуп калсын? Миң зыянсыз болгон учурда да радиациянын фону жогорулабай койбойт. Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин Кудай билет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болгону. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар-жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.