Баткен облусунун өзгөчө Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарынын тургундары менен Тажикстандын чегарага жакын жайгашкан айылдарынын тургундарынын ортосунда жыл сайын жазында – сугат же жайлоого чыгуу маалында чатак чыгат. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, мындан улам жергиликтүү тургундар тынчтыкты камсыздоого бийликке бир канча талаптарды коюшту.
Карамат Орозова тургундардын кайрылуусунун негизиндеги талаптарды ачыккан чыгарды.
"Аталган айыл өкмөттөрдүн айылдарына 1-категориядагы чек ара макамын берүү, чек ара заставаларын оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагына өзүнчө милиция бөлүмүн ачуу, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу, айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо, жеӊилдетилген ссудаларды берүү, үйлөрдүн документтерин тактап бүтүрүү маселелерин чечүүнү тургундар талап кылышты. Ошондой эле тажик айылдарын аралап мектепке барган окуучулар үчүн өз айылдарына мектеп куруп берүү керек. Ай-Сай айылындагы жашоочулардын саны азайып барат, ал жерге элди кармап калуу үчүн компенсация берип, социалдык жактан көмөк көрсөтүп, электр кубатын көтөрүү керек", - деди депутат.
Депутат Таабалды Тиллаев дагы Баткен облусунун чек арага танапташ айылдарынын көйгөйлөрүнө токтолду. Депутат айрым айылдардагы үйлөрдү, жер тилкелерин коӊшу мамлекеттин жарандары сатып алып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Ал өкмөттү чек ара айылдарын бардык салыктардан бошотуу сыяктуу ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.