15 күндөн бери жүк ташыган унаалар кыргыз-казак чегарасында өтө албай турат. Депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин жыйынында чегарадагы абал ЕАЭБдин келишимдеринин аткарылбаганынын белгиси экенин белгиледи. 

 

Ошондой эле ал  акыбалды жайгарууда  өкмөттү карап отура бербей, кыргыз парламенти да  кандайдыр бир чараларды көрүүгө тийиштигин билдирди.

 

 

«Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча теле аркылуу экономика министри Олег Панкратов гана орусча маалымат берди, башка маалымат жок. Ишкерлер чоӊ чыгымдарга учурап жатса, минтип отурганыбыз жарабайт. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, чек арадан бажылык текшерүү алынып салынган. Анда эмне үчүн казак тарап текшерүүлөрдү жүргүзөт. Муну тезинен тактап, кандайдыр бир чечимге келиш керек да. Эгер алар биздин Өкмөттү кабыл албай жатса, анда депутаттар тобу Казакстанга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жакшы болот эле», - деди депутат.

 

Депутат Аалы Карашев парламенттешинин пикирин колдоп,  кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылды.

 

«Жөн эле маалыматтын кереги жок. Өкмөт абалды жөнгө салуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеӊири маалымат берсин. Ансыз куру сөз болуп калат. Мындай кырдаал биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөт өкүлдөрү дароо Казакстанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе биржаӊсыл чечилгенче ошол жерде түнөп жатышы керек болчу, андай болбой жатпайбы», - деп кошумчалады эл өкүлү.