Акыркы он күндүн аралыгында кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташыган жана кошуна мамлекеттин аймагы аркылуу товар өткөргөн кыргызстандык машиналарды текшерүү күч алды. 1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу 223 автоунаа коңшу мамлекетке өтүү үчүн кезекте тургандыгын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-март күнү саат 20:00дөн баштап, 1-апрель саат 8:00гө чейин чек арадан 158 фура өткөн. Алардын 84үндө күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөр болсо, 74 машина бош болгон. Андан сырткары, Таластагы “Чоң-Капка” пунктунда 60-70 жеңил машина жана жүк ташуучу 25-30дай автоунаа токтоп турат.
“Мындай абалдын жаралышына чек арадагы тыкыр текшерүү себеп болууда”,- деп жазылат маалыматта. Ал эми «Ак-Жол», «Чалдыбар», «Токмок» жана «Кең-Булун» бекеттеринде кезек күткөндөр жок.
Бирок бизге жеткен расмий эмес маалыматтарга ылайык, баурдастар өткөн жумада Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келип, жалпы суммасы 6 млрд. долларды түзгөн кызматташтык келишимин түзгөн Орусия президенти В.Путиндин кыргыздарга болгон мамилесин кызганып атыптыр. Мындан тышкары жазгы талаа иштери башталар алдында кыргыз бийлигин “сууну биз каалагандай бересиңер”- деген өктөм талап менен сестентип коёлу деген да оюу бар экен. Бул тууралуу өткөндө айыр чарба министри Н.Мурашев парламентте: “Казактар таластагы Киров суу сактагычына эсептегич орнотолу дегенде, биз эгемендүү мамлекетпиз, андай талабыңар туура эмес деген соң, картөшкөбүздү өткөрбөй койду...”.- деп ачык эле айткан болчу.
Эмне дейбиз, биздин “жакшылар” Дубайга барып, төө жарышты тамаша кылбай, Астанага барып, ушундай элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүнү качан ойлошор экен?
Булак: “Майдан. kg” гезити