1-апрелде Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ошол эле күнү аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун активине тааныштырды. Өкмөт башчы өз сөзүндө Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналарын, буга байланыштуу облустун жетекчилигинин алдында өзгөчө  милдеттер коюлгандыгын, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече аларын билдирди.

 

Премьер-министр белгилегендей, жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган.

 

“Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем”,- деди М.Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, облустун жаңы жетекчиси социалдык көйгөйлөргө жана чек аралык кызматташуу маселелерине биринчи кезекте көңүл бурууга тийиш.

 

Ал эми мурдагы өкмөт өкүлү Абиш Халмурзаев расмий түрдө “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу...”,- деген дежур формулировка менен бошотулду. Бирок анын иштен кетишинин негизги себеби – жакында Ак-Сай айылында орун алган кыргыз-тажик жаңжалы, анда элдин нааразылыгы экендиги бештен белгилүү. Демек, жаңы облус жетекчисинин ишине ийгилик каалап, баткендиктердин көйгөйүн чечет деп ишенебиз.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити