1-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы «Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоору каралды.
Аталган маселени комитет жыйынына Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев алып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда. КР Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык, Сауд Өнүктүрүү фонду (СӨФ) менен Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) биргеликте аталган долбордун экинчи фазасы үчүн каржылоого макул болушкан. Долбоордун экинчи фазасы боюнча каржылоонун жалпы суммасы 60 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 30 млн АКШ долларын СӨФ жана 20 млн АКШ доллары ИӨБ тарабынан бөлүнөт. Ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан 10 млн АКШ доллары каражатына жакын каржылоо каралган.
Бүгүнкү каралып жаткан маселе - СӨФ тарабынан берилүүчү 30 млн АКШ доллары. Насыя 5 жылдык жеӊилдетилген мөөнөт менен 25 жылга берилүүдө. Кредиттин негизги суммасы жылдык 1 пайыз деп белгиленген. Бул долбоор Баткен жана Талас облустарынын 71 айылды таза суу менен камсыздоого багытталган.
Жыйын жүрүшүндө жалпы республика боюнча таза суу менен камсыз боло элек айылдардын маселеси, ага кедерги болуп жаткан жагдайлар, аны чечүүнүн жолдору талкууланды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жогоруда аталган КР Өкмөтүнүн буйругун жактыруу чечимин кабыл алышты.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы