Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын эки баланы жалгыз өстүрүп жаткан тургунуна үч бөлмөлүү үй сатып беришти. Бул тууралуу “Аманат” фондунан билдиришти.

 

37 жаштагы аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөндө көз жумган. Кыргызстандыктар анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.