Бул чогулушкан бардык айылдардын имамдары жана мекеме-уюмдардын жетекчилери, ошондой эле айыл аксакалдары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча алты бөлүктөн турган сунуш дагы айтылып, анын баары тең акыры колдоо тапты. Ошентип, тажия маалында эки кой же бир бодо мал гана союлат. Эгерде, бодо малы болбосо, анда эки гана жандык курмандыкка чалынат. Жумалык, бейшембилик, жетилик, үчүлүк, кыркылык таптакыр өткөрүлбөйт. Мындан тышкары себет көтөрүп баруу, аны өткөрүп алуу дээрлик токтотулат. Маркум көзү өткөндө кыздары жана аялдары гана көк кийишет. Мындай эреже башка жакын тууган-туушкандарына таркатылбайт. Анан дагы маркумга арналып эстелик тургузулбайт. Жылдык өткөрүүгө жана ар бир үйгө конок күтүүгө таптакыр тыюу салынат.
Баса, аталган жыйында бардык маселелер дыкаат каралгандыктан, жалпы эл аны бир добуштан гана кубатташты. Эми Кара-Кулжа районундагы ар бир айылда жана айыл өкмөтүндө атайын комиссия уюшулуп, калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу иштери ыраса күчөтүлөт.
Эске салсак, Кыргызстанда мындан он жыл абалы, тактап айтканда, 2008-жылы той-аштарга 40 миллиард сом сарпталгандыгы жар салынган. Ал эми былтыр болжолдуу түрдө 140 миллиард сом коротулгандыгы белгиленген. Кыргыз Өкмөтү ыксыз чыгымдарга бөгөт коюу максатында бир топ аракет жасады. Тилекке каршы, бул адат дагыле улантылып келатат. Экономикалык серепчилердин эсебинде, Кыргызстанда той-ашка жыл сайын эки миллиард доллардан ашык каражат чыгымдалат. Буга дейре деле Кыргызстандын айрым айыл-кыштактарында той-аштарда ыксыз чыгымдарга чектөөлөр дагы киргизилген. Тилекке каршы, мунун менен ысырапкерчилик дагыле токтой элек.
Булак: «Майдан. kg» гезити