Анткени ал тажиктерди кантип кепке келтиргендигин ким билсин, айтор 4 күн анклавга айланган Лейлек району менен Сүлүктү шаарына өтүүчү жалгыз “өмүр жолун” ачтырууга жетишкен.

 

Бирок бул көйгөй Жогорку Кеңеште каралганда депутаттар М.Мадеминов менен А.Сулаймановдор Ж.Разаков мындан бир нече жыл мурда маалымат каражаттары жазган тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маселени көтөрүшүп, паритеттик комиссияны жетектөөгө Ж.Разаковдун моралдык да укугу жок экендигин айтышкан. Ал эми Ж.Разаков өзү болсо “эгер бул маселе жабык эшик артында талкууланса жооп берем”,- деп гана кутулган. Кийин журналисттердин суроосуна: “Кимдир-бирөөлөр менин кызматтан көтөрүлгөндүгүмдү көрө албай жатышат, бул жалган жалаа”,- деп актанган.

 

Анткен менен депутаттардын сунушу боюнча Ж.Разаковдун тажик атайын кызматынын чалгынчысы экендиги тууралуу имишти УКМК текшерүүгө алды. Бул арада өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Ж.Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирди: “Бул сыяктуу маалыматтар Ж. Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган. Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген. Ж. Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес...”.

 

Чын эле, катардагы “мент” Ж.Разаков кантип же кимдин колдоосу менен өзү айткандай, баш айланткан кызматтык карьерага жетишкен?...

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити