Андыктан баарыбыз “кайда, эмнеге?” деген суроолорго жооп издей баштаганбыз. Аңгыча КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Раиса айымдын сапары тууралуу билдирүү таратты.
“Социалдык тармактарда экс-биринчи айымдын Ташкентке кеткендиги боюнча маалымат тарап, туш-туштан кабарчылар чалып, чын-бышыгын сурап жатышат. Баарына ушул жерден жооп берейин дедим. Кечээ, 24-мартта Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен бирге Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиеёванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кетишти. Раиса Атамбаева менен Зироатхон Мирзиеёва ар дайым байланышып турушат, өз ара жакшы достук мамиледе. Бишкекке экс-биринчи айым жана уулу 28-мартта кайтып келишет”,-деди Жолдубаева.
Албетте, өлкөнүн биринчи айымы болсо деле аялдардын өздөрүнүн карым-катнашы, достугу, алды-берди мамилеси болот. Андыктан Зироатхон айым бийликте болбосо да, Р.Атамбаеваны жеке мамиле менен гана чакыргандыр. Анткен менен акыркы күндөрү өз элинин жек көрүү сезимине кабылып, кризистик абалда жүргөн, баарынан да миллиондогон байлыгын батыра албай тынчы кеткен экс-президенттин үй-бүлөсү Анкара, Москванын колдоосунан ажыраган соң, Ташкентти карап калган жокпу...?
Булак: “Майдан. kg” гезити