Бул тууралуу ал  өзү билдирди.

 

“Биз камалган учурда “мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген” деп түздөн-түз күнөөлөгөн. Бул өтө оор айып болуп саналат. Ошонун айынан мен үч жылга жакын абакта отуруп чыктым. Эми сотто бул сөздөрдү кайсы жерде айтканымды далилдеп берсин. Мени 17 жылга кесүүгө аракет кылышканы үчүн моралдык кенемте катары 17 миллион сом талап кылып жатам. Азыр документтеримди топтодум, эртең адвокатым менен жолугушам”,- деди Талгарбеков.

 

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Элдик парламент” оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди “Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча 14 жылга соттогон.

 

Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. 7-мартта үч жылдан бери абакта жаткан “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

 

Жакында эле А.Келдибеков, К.Дүйшөбаев сыяктуу саясатчылар экс-президентти сотко берип, ири суммада акча өндүрүшкөн. Эми Б.Талгарбеков да 17 млн. сом утуп алса, анда “Кыргызстандагы эң бай адам менмин, миллионермин”,- деп бийликте отурганда оозунан от чыгып мактанган АШАнын эми артынан түтүнү чыгып, Пушкиндин “Балыкчы жана балык балык тууралуу жомогундай” эле тешик тепши менен отуруп калбайбы?

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити