Кыргызстандын аймагында 28-30-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

 

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.