Элдик курултайдын өкүлдөру мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын текшерүүнү талап кылышты. Бул тууралуу “Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери” аталыштагы тегерек столдо коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.
Айтымында, Атамбаевдин Түркиядагы бизнесимди саттым деген билдирүүсүн текшерип, далил талап кылыш керек.
“Бул акчалар Кыргызстанга качан жана кантип түшкөнүн текшериш керек. Андан тышкары Атамбаев өлкөгө каражат беришти деп бай досторун айтып көп жолу мактанган. Акчалар кайдан келгенин текшериш керек. Атамбаев бай досторун кантип ыраазы кылды”, - деди Каптагаев.