Кара-Кулжа районунун тургундары маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатын тойго айланып, чабылып-чачылууга жол бербөө демилгесин көтөрүштү.
Алардын демилгесине Кыргызстан муфтияты да макул. Муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов исламда зыйнатта оокат-аштын коромжу болуусу ылайык көрүлбөсүн айтты.
“Исламда зыйнат бул дүйнөдөн өтүп кеткен адамды эстөө. Бул бизден көп чыгашаны талап кылбайт. Эгер кайсы бир айылда төгүлүп-чачылган коромжулукту токтотууга демилге көтөрүшсө, бул абдан туура. Биздин салт боюнча зыйнатка уй союш керек, андан кийин дагы бир ири мүйүздүү жандык союлат. Үй-бүлө ошентип, зыйнатка 500 миңден миллион сомго чейин акча коротушат”, - дейт муфтий.
Айрымдар зыйнатта келген элди чай жана боорсок менен узатууну туура деп табышат.