Бишкектеги Black Star Burger ресторанынын ачылышында 20 бала ата-энесин таппай калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган иш чарада милиция кызматкерлери коомдук тартипке көз салып турушкан. Чектөөдөн чыга башташкан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерде 20 бала ата-энесинен адашкан. Аларды милиция кызматкерлери жеткирип беришкен.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул иш чарада эч бир жаран медициналык жардамга муктаж болбогонун билдирди.