Ош шаарынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ири суммадагы акча уурдоо фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган шаардын ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, уурулук 7-марттан 8-мартка караган түнү шаардагы офистердин биринде болгон. белгисиз адамдар сейфтен 4 миллион 706 сом көтөрүп кетишкен.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери уурулукка 24 жаштагы К.М. жана 27 жаштагы А.А.ны шектүү катары кармашкан. А.А. буга дейре талап-тоноочулук боюнча соттолгон. Ал офисте иштеп, уурулукту уюштурган.
Кармалгандардын биринен 1 миллион 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом табылган. Калган акчаны коротуп жиберишкен.