Бишкектеги “Мурас-Ордо” конушунда жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу мэриядагы кеңешмеде белгилүү болду.

 

Капиталдык курулуштун коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын башчысы Ренат Айтымбетов мектептин курулушу 2017-жылы башталганын айтты.  Мектеп 550 орунга ылайыкталган. Ушул жылы курулушту аяктап, эксплуатацияга берүү үчүн 126 миллион сом керектелет. Бул каражатка сырткы инженердик тармакты аягына чыгарып, шарттарды түзүп жана керектүү жабдыктар менен камсыздоо пландалды.

 

Мектептин жалпы баасы 255 миллион сомго жетет.