Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 24-март күнү саат 08:11де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш айылында 3 баллга, Ай-Көл айылында жана Сүлүктү шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.