Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги кабарлады.

 

Мындай жеңилдик Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда боло турган мамлекеттик сапарынын алдында берилген.

 

Элчиликтин маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда кирүүгө укук берилет.

 

Бул маалыматты Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова да тастыктаган.

 

Былтыр 16-октябрдан 10-декабрга чейинки миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден» Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 миң 488 жаран чыгарылган. Мындан тышкары Орусияда учурда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге чукул кыргызстандык чек арадан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга жетишкен.