Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Бул факт Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мунайзат өндүрүмүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө аныкталган. Күмөндүү мунайзат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сакталган.
Товардын коштоочу документине ылайык, мунайзаттын бул көлөмү Казакстан Республикасынан “К.Д.Б.” ЖЧКнын дарегине газохол катары келип түшкөн.
Салык кызматы аталган мунайзаттын түрүнүн, маркасынын ГОСТ боюнча шайкештигин аныктоо максатында, анын үлгүсүн мунайзаттын аккредиттелген текшерүү лабораториясына жөнөткөн.
Лабораториянын корутундусуна ылайык мунайзаттын үлгүсү Кыргыз Республикасынын аймагында мунайзаттарды эсепке алуу жана контролдоо, контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө жобого ылайык уруксат берилүүчү позицияга кирген товар (бензин АИ-92) катары аныкталган.
Азыркы учурда Салык кызматы "К.Д.Б." ЖЧКнан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоого акциз салыгын жогоруда көрсөтүлгөн резервуарда алып келинген жана куюлган мунайзаттын иш жүзүндөгү көлөмү менен өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.
Маалымкат. Газохол — 90% этилденбеген бензин менен 10% этил спиртинин аралашмасы