Маалыматка ылайык, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997- жылы туулган Т уулу Б., 1997- жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан.

 

Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук “Кока-Кола” суусундук, 20 сомдук семичке сатып алышып 2000 миң сомдук бир купюра беришип сатуучудан алар 1930 сом кайтарым акча алышкан.

 

Ошондой эле ыкма менен Алай районун аймагында беш дүкөнгө кирип, жалпысынан 10 миң сомдук жасалма акча берип кайтарым акчаларын чыныгы накталаай акчага айландырышкан. Бул факт Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 225-берененин (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

 

Ал эми далил катары алынган 2000 миң сомдук купюрага соттук-техникакриминалистикалык экспертиза дайындалып, 2000 миң сомдук купюра жасалма экендиги далилденген. Жасалма акча шектүүлөрдүн биринин үйүндө жасалгандыгы аныкталган. Жасалма акча жасаган техника алынып, далил буюм катары кылмыш ишине тиркелген.

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg” гезити