Кыргызстандын Мамлекеттик чегара кызматы Тажикстандын маалымат каражаттарына чегарадагы кырдаалды чагылдырууда акыйкат болуп, такталбаган  маалыматтарды таратпоого чакырды.

 

Буга дейре Тажикстандагы Asia Plus  маалымат сайтына «Кыргыз чегарачылары Кызыл Чырымдын унаасын Ворух анклавына киргизбей жатат» деген аталыштагы  макала жарыяланган. Аны башка тажикстандык сайттар да көчүрүшкөн.

Бул боюнча КР чегара кызматы мындайча түшүндүрдү:

 

 «Жаңжал  чыкканда чегарага жакын жайгашкан Аксай жана   Ворух аймагынын тургундары өздөрүн агрессивдүү кармашты. Ошондуктан, эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн тажик мамлекеттик номерлери илинген унааларды өткөрүү убактылуу токтотулган.  16-мартта Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин   унаасы  «Дача» аймагына келди. Бирок,  Аксай айылына жакын жайгашкан жол   жергиликтүү тургундар тарабынан жабылган болчу. Эл аралык уюмдун унаасынын артында бул уюмга тиешелүү экенин далилдей турган эч бир белги коюлбаган унаалар да бар эле. Андан улам Аксай   эли нааразы болушуп, толкундоо болуп кетпеши үчүн, чегарачылар Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө абалды түшүндүрүп, күтө турууну айтышкан».

 

Андан тышкары тажикстандык аталган сайтта жергиликтүү тургун жол жабык болгондуктан эжесинин сөөгүн жеткире албай жатканы тууралуу да жазышкан.

 

 Кыргыз чегара кызматы бул маалыматты да жалганга чыгарды. Маалыматка караганда 15-мартта Тажикстандын Исфара шаарынан Ворух анклавына  «Жүк-200дү» өткөрүп кетүүгө кайрылышкан. Кыргыз чегарачылары болсо дароо эле сөөктү жана аны алып баратышкан тажик жарандарын өткөрүшкөн.