Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикменин мүчөлөрү Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиевди суракка чакырды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Айтымында, алар суракка бүгүн, саат 14.30га чакырылышкан.
Эске салсак, Мискенбаев менен Жамгырчиев кылмыш ишинин фигуранттары. Алардын үстүнөн аталган коомдук бирикменин өкүлү Марип Алыйкулов арызданган. Ал бирикменин мүчөлөрүнө социалдык жөлөк катары бөлүнгөн каражатты жетекчилик мыйзамсыз өзүмдүк кылып алганын айткан.