Коомчулукта радикалдык маанайдагы митингди жактагандардан айыптагандар көп болууда. ЖКнын мурдагы депутаты Надира Нарматова да социалдык тармактагы баракчасына митингди, анын уюштуруучуларынын мындай аракетин катуу айыптап, сынга алган постун жазды.
РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ! РИТА КАРАСАРТОВА! ЭДИЛ БАЙСАЛОВ!
Курманжан Датка энебиздин арбагы уруп, кудайдын жазасына калбагыла! Кыргыздын өзүнүн улуттук менталитети, улуттук каада салты бар. Силер аны жокко чыга албайсыңар! Силердин аракетиңер шермендечилик! Кыргыз аялдарын маскаралагандык! 8-март күнү кыргыз АЙЫМДАРЫНЫН МАЙРАМДЫК МААНАЙЫН бузуп, Батыштан алган акчаңарды актап, ырахат алуу! ЭСИҢЕРГЕ КЕЛГИЛЕ! Рита өзүңдүн сүрөтүңдү же кыргыз эркектерин кара түнгө теңеген, башыңарга багыт берип турган, 1,5 жыл падыша болгон апчеңер РОЗА ОТУНБАЕВАнын сүрөтүн коюп албайсыңарбы! Хуп жарашмак.
КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН рухуна тийишип, садага кетпей бүк түшүп, тек жүргүлө! Кыргыз тарыхына көө жапкандан көрө, өзүңөрдүн мыйзамсыз аракеттериңерден сактангыла! Уул кызыңардан сый урмат көрбөй жүрүүнү каалайсыңарбы, анда Кыргызстанда эмес, чогууңар менен силерди каржылап жаткан Батышка барып, өз оюңарга келгендей жашагыла. Кыргызстандан колуңарды тарткыла! НПОчу агенттер!
2014-жылы ЖКтин бешинчи чакырылышынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадеминов, мен Нарматова Надира болуп үч депутат ЖКке “НПОлор жөнүндө” сунуш кылган мыйзамды кабыл алышканда, бүгүнкүдөй окуя болмок эмес. НПОлордун кимиси агент, кимиси таза экендигин мыйзам чегинде тазалап, тартипке келтирмейинче, мындан да ашыкча кутурушат. Кошуна мамлекеттер мыйзам менен эле НПОлорду тартипке келтирип койгон. Биздин бийлик олтурат, оозун ачып, НПОлордун маселет, кеңеш сурап, “келгиле бирге иштешели” – деп. Кыргызстанда кадр калбай, иштешээрге адам таппай калгынсып жалдырап отурат.
ЖК тез арада жогоруда мен айткан НПОлор жөнүндө мыйзамдын биринчи окуудагы долбоорду кайра көтөрүп чыгып, ЖКтин кабыл алуусун коомчулук талап кылуубуз керек. Керек болсо биз баштапкы демилгечилер жардам берүүгө даярбыз. Мыйзам чегинде НПОлорду кайрадан каттоодон өткөрүп, тазалап чыгыш керек. Агенттер менен тазаларды экиге бөлүп. Мына сага колтугунда котур ташы бар адамдарды кучактагыла, төрдүн төбөсүнө чыгарып. Колтугуңара ушинтип суу бүркүп чочутат. Равшан менен Эдил го түшүнүктүү. Рита сен укук коргоочу эмес белең!
Ыплас нерселерди коргогонго өттүңбү! Кыргыздын аялзаты өзүнүн улуттук каада салтына каршы иш жасаганы абийиирсиздик! Рита, мен сени сыйлап, Акыйкатчы болсун – деп, колдоп ЖКтин депутаттарына кайрылдым эле. Кудай чоң сактаптыр. Тооба кылдым деп олтурам, кылган кылыгыңды көрүп. Кудайым ички дүйнөңдү байкап, туура АКЫЙКАТЧЫ кылып колдобой коюптур. Акыйкатчы болсоң накта Батыштын буйругун аткарып, Равшан, Эдилге окшогон шериктериңдин ырын ырдап, шорубузду шорподой кайнатмак экенсиң. Экинчиден, Президенттике талапкерлигин койгон адамдын жоругу мындай болбойт. Күйөөңдү жоготуп, аза күтүп, башыңдан жоолугуң түшпөй жүргөнүн көрүп, ыраазы болдум эле, “улуттук каада салтты сактаптыр”,- деп ичим жылыган. Ал көрүнүш эмне? Тек гана артисттикпи? 2,3 айлык элеби күйөөңдүн, балдарыңдын атасынын кадыры? Жасалмалуулукпу? Күйөөңдүн арбагын сыйлабайсыңбы жок дегенде. Жылы чыкканча сабыр кылбай, жоолугуңду ыргытып жиберип, шымаланып көчөгө чыгып алдыңбы, БАТЫШЧА МОДА КӨРСӨТҮП! Чү дегенде кыргыздын улуттук, түпкүлүктүү, канына сиңген идеологиясын талкалагандан баштадыңбы! Бул эмне деген? Юрист катары багыт бердим деп ачык уюштуруп жатасың. Равшан менен Эдилдин адреси илгертен белгилүү. Кыргыздын аялзаты катары сага уят! Кескин түрдө сага болгон сый-урматым токтоду. Унчукпай койгонго улуу эжеңер, кырыздын мекенчил кызы катары жүрөгүм чыдабады. Жаман көрсөңөр мейли, реалдуу чындыкты батке ачык айтып коюуга мажбурмун!
КУРМАНЖАН ДАТКА бүткүл дүйнө тааныган, тарыхта өз орду бар тарыхый инсан! Ыплас нерселерге аралаштырууга Равшан, Эдил, Рита эмес, эч кимдин акысы жок!!! Мындай аракетти жасаган уюштуруучуларды ГКНБ дыкат текшерип, жоопкерчилике тартуу жагын коомчулук талап кылалы?
МЕНИН ОЮМДУ КОЛДОГОНДОР БОЛСО ҮН КОШКУЛА!
“Майдан. kg” гезити