"Эйр Кыргызстан" мамлекеттик компаниясынын башта 5-6 учагы боло турган. Азыр анын бири да жок. 

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Айтымында, аталган компаниянын учурдагы жетекчиси Жолдош Бектурганов жаңы кызматына киришкенде 5-6 менчик учак бар болчу. 

 

"Бүгүнкү күндө бир да учак калбай калды. Алтургай компания карыз белчесинен батты. Анысы аз келгенсип бир топ кызматкерлер жумуштан мыйзамсыз бошотулушту", - деп жетекчинин калпыс иштерин тизмектеди. 

 

Депутат   КР Президентинин Жогорку Кеӊештеги өкүлүнөн бул маселеге чара көрүүнү өтүндү.