Баткен облусунун Айдаркен шаарында мыйзамсыз орнотулган курулмалар алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук боюнча кызматынан билдиришти. 


 Аталган курулуштар эч кандай уруксаат кагаздары жок, мыйзамсыз орнотулгандыгы Мамэкотехинспекциянын жана Айдаркен шаардык мэриясынын адистеринин текшерүүсүндө аныкталган.

 

Буга карата инспекторлор курулуштардын ээлерине курулмаларын бузудуруп, жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөрдү беришкен. Бирок талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыктан, мыйзамсыз курулуштар толугу менен   Мамэкотехинспекция жана Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан  буздурулду. Ошондой эле, учурда Мамэкотехинспекциянын Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча региондор аралык башкармалыгынын адистери тарабынан, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында активдүү жүрүүдө.