Бүгүн парламент жыйынында депутаттар ипотека маселесине токтолушту. Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик ипотеканы 4 пайызга түшүрүү боюнча берилген долбоорго Өкмөт эки айдан бери маани бербей келе жатканын айтып чыкты.
Бюджеттин көзүн караган кызматкерлер үчүн төрт пайыз ылайык келерин белгиледи. Анын пикиринде, дарыгер жана мугалимдер азыркы пайыз менен ипотекага турак-жай ала албайт.
Депутат Махабат Мавлянова дагы мамлекеттик ипотеканы 4%га түшүрүү мүмкүндүгүнө токтолду. Анын айтымында, 200 миӊ сомдун тегерегинде айлык алган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилери ортомчулук гана кылып жатат. Ошону менен катар М.Мавлянова Ноокат районунда 285 миӊ адам жашаарын, мынчалык көп элди бир-бирден эле мамлекеттик органдар тейлеп жетише албай жатканына Өкмөттүн көӊүлүн бурду.