Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат.

 

Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон.

 

Өткөн жумада Кыргызстан тарап Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун жандантышы үчүн бир трактор иштей баштаган. Учурда ал трактор чек арадан 2 чакырымдай Кыргызстан тарапта иштеп жаткан.

 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абал туруктуу экенин, эки тараптан чогулган жүздөй кишини таркатыш үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.