Депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук баалуулуктар өтө ыйык касиет экенин баса белгиледи.
«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам талаптары бузулбаптыр, бирок бул жолу кыргыз элинин байыртан келаткан каадасы бузулду. Ал эми элдин каада-салты мыйзамдан да жогору турат. Биз аны сакташыбыз керек. Ошондо өзүбүздүн элдүүлүгүбүздү сактап кала алабыз», - деди ал.
Депутаттар мындай чагымчыл окуянын кайталанбашы, кыргыз элинин беделине доо кетпеши үчүн айрым мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын белгилешти.