15-мартта Бишкектеги активдүү жаштар Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузат. Алар мындай аракети менен борбор калааны жашылдандырууга чакырык таштап, экология көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга ниеттенет.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш чараны депутаты Жанар Акаевдин “Демилге” фонду уюштурууда.
Бак-дарак тигүүгө илим-билимде, коомдук турмушта, чыгармачылыкта активдүү жаштар катышат. Жанар Акаев Бишкектин экологиясына жана тазалыгына кайдыгер карабаган жаштарды бул акцияга кошулууга чакырат.
Башталышы: 15-мартта саат 15:00дө, Жаш Гвардия бульвары (Киев көчөсү менен кесилиши).
Белгилей кетсек, Жанар Акаев баштаган бир катар депутаттар “Таза аба” долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө. Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө да жүргүзүлдү. Анын негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат.